Айдоочулар жолго чыга электе эле электрондук түрдө төлөм жүргүзө алышат
- 1 неделя мурун
- Жаңылыктар
Айдоочулар жолго чыга электе эле электрондук капчыктар аркылуу тиешелүү төлөмдү жүргүзүп коё алышат.
Өлкөдөгү көзөмөл пункттарындагы кырдаал онлайн режимде күнү-түнү көзөмөлдөнүп жатканын Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2025-жылга чейин айдоочулар тиешелүү төлөмдөрдү кызматкерлер аркылуу жүргүзүп келишкен. Учурда айдоочулар төлөмдү түздөн-түз өз алдынча QR-код, төлөм терминалдары же банк карталары аркылуу жүргүзө алышат. Ошондой эле алдын ала төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Айдоочулар жолго чыга электе эле электрондук капчыктар аркылуу тиешелүү төлөмдү жүргүзүп коё алышат.
Министрлик системанын ишке киргизилиши менен казынага түшкөн каражаттын көлөмүндө да өсүш байкалганын белгиледи. Алсак, 2019-жылы казынага 64 023 853 сом түшкөн. 2025-жылы бул көрсөткүч 300 275 583 сомго жеткен. Ал эми 2026-жылдын 10 айында эле казынага 291 070 200 сом каражат түшкөн.
Сүрөт: Транспорт министрлиги




