Камактагы Теңгиз Бөлтүрүккө операция жасалды

  • 1 год мурун

“Кумтөр голд компани” жабык акционердик коомунун камакка алынган мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүккө Бишкектин ооруканаларынын биринде операция жасалды.

Бул тууралуу күч органдарынын кызматкерлери ЖМКга кабарлады.

Буга чейин Теңгиз Бөлтүрүк борбордогу ооруканалардын бирине жаткырылгандыгы маалымдалган. Бөлтүрүктүн дарыланып жаткандыгына байланыштуу сот иштери 25-ноябрга жылдырылды.

Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы Илмира Алпысбаева Президентке кайрылып, анын ден соолугу начарлап кеткенин билдирген.

Жубайы Бөлтүрүктүн тергөө менен кызматташууга даяр экенин да эскерткен.

Буга чейин Теңгиз Бөлтүрүк өзү да аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен сотко кат жазган.

Башкы прокуратура алдын ала эсептөө боюнча “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталгандыгын билдирген. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда,  акционердик коомду башкаруу органдары үчүн чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча үч кылмыш иши козголгон.

Буга чейин «Кумтөр» компаниясын жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов кызматтарынан четтетилди. Эсептөө палатасы «Кумтөр» компаниясын май айында текшерип, финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынгандыгын аныктаган. 

29-июлда, Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өттү.

4-апрелде президент Садыр Жапаров Кумтөр алтын кенинин Кыргызстанга толук кайтарылышы боюнча өлкөнүн элине түз эфирде кайрылуу жасап, Кумтөр толугу менен Кыргызстандын энчисине өткөнүн белгилеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты