Теңгиз Бөлтүрүк: Эки жылдан бери мени коркутууга аракет жасап жатышат

“Кумтөр Голд Компани”  жабык акцинердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк камактан сотко кат жазды. Аны жубайы социалдык тармактарга жарыя кылды. Катта ал “Кумтөр Голд Компанини” Кыргызстанга кайтаруу боюнча зор иштерди жасаганын жана күнөөлүү эмес экенин, аны саясий фигура кылгысы келип, эки жылдан бери коркутууга аракет жасап жатышканын билдирип, үй камагына чыгарууну өтүндү.   

Катта Теңгиз Бөлтүрүк мындай деп белгилеген:

-Онтарио соту мен алардын чечимин аткарбагандыгым үчүн 310 миң доллар айып салган. Ал сот эмдигиче аяктай элек.

Эми мени Кыргызстандын соту соттоодо. Мени саясий фигура кылгысы келип жатышат. 2021-жылдын 17-майынан бери, Кумтөргө тышкы башкаруу киргенден баштап, 2022-жылдын 13-августуна чейин техникалык жана экологиялык көйгөйлөрдү жана өндүрүштүк чыгымдарды азайтуу боюнча өтө көп иштер аткарылды, ондогон коррупциялык келишимдер токтотулду, күйүүчү-майлоочу майларды жана башка материалдарды уурдоого бөгөт коюлду. 2021-жылдын 7,5 айында эле биздин чыгымдарды 104 млн долларга же 16, 1 пайызга азайттык. Бул — дүйнөдөгү кайсы компания болбосун, кыска мөөнөттөгү эң жогорку көрсөткүч. Кумтөрдүн бардык финансылык жыйынтыктары текшерилген, эл аралык компаниялардын аудити менен тастыкталган, финансылык мыйзам бузуулар аныкталган эмес. Август айында Министрлер кабинетине отчет берилген,- деп айтылат катта.  

Ошондой эле Теңгиз Бөлтүрүк оппозиция жана Кумтөрдөгү коррупциялык акырына бөгөт коюлгандар канчалык каалабасын, өзү жана үй-бүлө мүчөлөрү Кыргызстандан эч жакка кетпей турганын, эки жылдан бери аны коркутууга аракет кылып жатышканын билдирди.

-Мен өзүмдүн жана үй-бүлө мүчөлөрүмдүн өмүрүн тобокелге салып жатам. Эки жылдан бери мени коркутууга аракет кылышууда. Бирок мен Президенттин жана Министрлер кабинетинин азыркы реформаларын колдогонумдан баш тартпайм жана өлкөгө ири грант жана инвестицияларды тартуу ниетимден кайтпайм,-деп жазды катта Теңгиз Бөлтүрүк.

Бишкек шаарынын соту «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасын өзгөртүү маселесин карады. Сот Теңгиз Бөлтүрүктү 10-ноябрга чейин УКМК убактылуу камак жайында калтыруу чечимин чыгарды.

Башкы прокуратура алдын ала эсептөө боюнча “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталгандыгын билдирген. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда,  акционердик коомду башкаруу органдары үчүн чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча үч кылмыш иши козголгон.

Буга чейин «Кумтөр» компаниясын жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов кызматтарынан четтетилди. Эсептөө палатасы «Кумтөр» компаниясын май айында текшерип, финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынгандыгын аныктаган. 

29-июлда, Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өттү.

4-апрелде президент Садыр Жапаров Кумтөр алтын кенинин Кыргызстанга толук кайтарылышы боюнча өлкөнүн элине түз эфирде кайрылуу жасап, Кумтөр толугу менен Кыргызстандын энчисине өткөнүн белгилеген.

Теңгиз Бөлтүрүк: Эки жылдан бери мени коркутууга аракет жасап жатышат
Теңгиз Бөлтүрүк: Эки жылдан бери мени коркутууга аракет жасап жатышат
Теңгиз Бөлтүрүк: Эки жылдан бери мени коркутууга аракет жасап жатышат
Теңгиз Бөлтүрүк: Эки жылдан бери мени коркутууга аракет жасап жатышат

Башкы сүрөт: 24kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты