Садыр Жапаров: Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине кайтарылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, Кумтөр алтын кенинин Кыргызстанга толук кайтарылышы боюнча өлкөнүн элине түз эфирде кайрылуу жасады.

Кайрылууда мындай деп айтылат:

 -«Центерра» менен болгон талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу келишимге жаңы эле кол коюлду. Биз эң чоң улуттук байлыгыбыз –Кумтөр кенинин Кыргызстанга толук жана биротоло өтүшүн камсыздай алдык. Ошентип, Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын энчисине өттү, -деди Президент Жапаров.

Андан кийин ал макулдашуунун негизги жоболору тууралуу айтып берди:

-Мындан ары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык, башкача айтканда, „Кумтөр Голд Компани“ ишканасынын 100% акциясы республикабызга тиешелүү. 

Биз кенди өткөн жылдын май айында ага тышкы башкарууну киргизген күндөн тартып эсептелишине жетиштик. Демек, 2021-жылдын 15-майынан берки бардык таза кирешелер – тагыраак айтканда, 323 миллион АКШ долларынан ашык каражат биздин менчик экендигин расмий түрдө таанытканга мажбурладык.

Мындан тышкары, „Центерра“ бизге өткөн жылдын үч кварталы үчүн дивиденддерди төлөп бермей болду — анын көлөмү болжол менен 11 млн АКШ долларын түзөт.

Дагы бир жетишкендик – „Центерра“ кыргыз тарапка 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү да төлөп берет. Буга да жетиштик.

Биз „Кумтөр“ кенин рекультивациялоо фондуна карата көзөмөлдү толук өзүбүзгө кайтарып алдык — бизге 53 млн доллар келет. Бул каражат мурда Лондон банкынын трасттык эсебинде сакталып келген. 

»Центерра« 2021-жылдын май айындагы алып кете албай калган алтындын партиясы үчүн 29 млн долларды төлөп берүү боюнча койгон талабынан баш тартты.

»Центерра« АКШда, Швецияда жана Канадада кыргыз тарапка каршы козголгон бардык соттук териштирүүлөрдү жана дооматтарды токтотмой болду. 

Ал эми „Кыргызалтын“ ачык акционердик коому „Центеррадагы“ 26% үлүшүн өзүнө өткөрүп алат. Ошол эле учурда „Центерра“ аталган акциялар пакетине укуктарды өткөрүп берүүгө байланыштуу Канаданын мыйзамдарына ылайык бардык салык төлөмдөрүн өз эсебинен жабат.

Биз, кыргыз тарап дагы Центеррага каршы козголгон бардык соттук жана башка иштерди, дооматтарды токтотобуз, — деди Президент кайрылууда.  

“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин кыргыз өкмөтү былтыр, 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Буга компания экологиялык эбегейсиз чыгым келтиргени жана ири суммада салыктарды төлөбөй келгени негиз катары көрсөтүлгөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты