Теңгиз Бөлтүрүктү үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен жубайы Президентке кайрылды

  • 1 год мурун

“Кумтөр Голд Компани”  жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы Илмира Алпысбаева Президентке кайрылды. Кайрылуу Теңгиз Бөлтүрүктүн Фейсбук баракчасына жайгаштырылды.

-Менин жубайыма үй камагына чыгууга уруксат берип коюуңузду суранам. Анын ден соолугу начар. Бул абалында абакта жата албайт. Андан ажырап калуу коркунучунан кооптонуп турам. Мен ал үчүн өз өмүрүмдү берип коюуга да даярмын, -деп жазды Бөлтүрүктүн жубайы.

Ошондой эле Бөлтүрүк тергөө менен кызматташууга даяр экенин да эскертти:

-Ал тергөө менен кызматташууга да даяр. Качып кетүү тууралуу ою да болгон эмес. Кан басымы жогору, жүрөгү да оорулуу, андан кан кетип жатат,-деди жубайы Алпысбаева Илмира. Уулу, Азат 15 жашта, Эльдана 13 жашта, Атилла 9 жашта.

Буга чейин Теңгиз Бөлтүрүк өзү да аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен сотко кат жазган.

Башкы прокуратура алдын ала эсептөө боюнча “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталгандыгын билдирген. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда,  акционердик коомду башкаруу органдары үчүн чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча үч кылмыш иши козголгон.

Буга чейин «Кумтөр» компаниясын жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов кызматтарынан четтетилди. Эсептөө палатасы «Кумтөр» компаниясын май айында текшерип, финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынгандыгын аныктаган. 

29-июлда, Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өттү.

4-апрелде президент Садыр Жапаров Кумтөр алтын кенинин Кыргызстанга толук кайтарылышы боюнча өлкөнүн элине түз эфирде кайрылуу жасап, Кумтөр толугу менен Кыргызстандын энчисине өткөнүн белгилеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты