Көлбаевдин тобундагы Таалайбек Рысалиев БАЭде кармалды

  • 2 месяца мурун

Интерполдун улуттук бюросу менен кызматташтыктын алкагында эл аралык издөөдө жүргөн, Кыргызстандын 48 жаштагы жараны Таалайбек Рысалиев Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Рысалиев тиешелүү кылмыш ишинде Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү катышуучусу катары аныкталган. Ага карата кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) 2-бөлүгү менен айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алган.

УКМКнын маалыматына ылайык, Таалайбек Рысалиев Камчы Көлбаевдин жакын адамы болуу менен, анын таасирин мыйзамсыз киреше алуу үчүн пайдаланып турган. Ал түздөн-түз же кыйыр финансылык, же башка материалдык пайда алуу максатында жеке менчикке каршы оор кылмыштарды жасоо, ошондой эле башка кылмыштуу ойлорду ишке ашыруу үчүн пайдаланган.

Атайын кызмат Рысалиевди Кыргызстандын аймагына экстрадициялоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, ал «12 каминов» эс алуу комплексинде, «ТоргСтройКапитал» курулуш компаниясында, «Империал Алко и Ко» жана «Ала-Тоо Мунай плюс» фирмаларында жетекчилик кылган. 2017-жылы «Кыргызнефтегаз» акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп, ошол эле жылы «Нефтчи» футбол клубунун президенти болгон.

2019-жылы кайрадан «Кыргызнефтегаздагы» кызматына кайтып, 2020-жылы да андагы ыйгарым укуктары узартылган. Рысалиев Chinatown деп аталган ресторандын кожоюну болуп саналат. 2020-жылы «Мекеним Кыргызстан» партиясынын катарында парламенттик шайлоого катышкан.

Таалайбек Рысалиев кылмыш чөйрөсүндө «Моби» деген каймана ат менен белгилүү. Буга чейин анын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов баштаган бажычылардын катарында түшкөн сүрөтү да жарыяланган. Ушул тапта Матраимовго да издөө жарыяланган.

Былтыр октябрда Бишкекте уюшкан кылмыш тобунун анабашы аталган Камчы Көлбаев УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн. Атайын кызмат аны менен байланышта болгон, кылмыштуу топтун өкүлү деп шек саналган 40тан ашуун адам кармалганын, 1 миллиард долларлык актив камакка алынганын жарыялаган. Уюшкан кылмыш топторуна тиешеси бар «220дан ашуун мамлекеттик кызматкер аныкталганын, көбү кызматтан алынганын» кабарлаган.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты