УКМК: Көлбаев жана Матраимов менен байланышы бар делген 180 мамкызматкер жумуштан бошотулду

  • 5 месяцев мурун

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун жана Раимбек Матраимовдун мафиясынын мүчөлөрү менен байланышы үчүн мамлекеттик органдардын 180ден ашуун кызматкери кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин К.Асанбектин (Камчы Көлбаев)  уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү жана Райым Матраимовдун мафиясы менен мүмкүн болгон байланыштарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жеке адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлдү.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Камчы Көлбаев жана Райым Матраимовдун мафиясы менен тымызын байланышта болгон 226дан ашык ар кандай даражадагы мамлекеттик кызматкерлердин бети ачылды. Алардын ичинен 180ден ашууну  кызматынан четтетилди жана бошотулду.

УКМК белгилегендей, бир эле бажы кызматында 85 кызматкер аныкталып, анын ичинен 76 кызматкер иштен бошотулса, Ички иштер министрлигинде 26 кызматкер аныкталып, анын ичинен 14 кызматкер кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетилди, жергиликтүү кеңештин 6 депутаты мандатын тапшырды, 65 кызматкер райондук мамлекеттик администрациядан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ал эми башка министрликтер менен ведомстволордо иштеген бир катар кызматкерлер аныкталып, кызматынан бошотулду.

Учурда калган аныкталган мамлекеттик кызматкерлер боюнча тиешелүү кошумча иштер улантылып жатканы белгиленди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты