Райымбек Матраимовго издөө жарыяланды

  • 3 месяца мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыялаганын маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Райымбек Матраимов Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси («Кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда адамды күч менен кармоо менен анын жүрүү эркиндигин чектөөгө көмөктөшүү») боюнча шектелүүдө.

Азырынча УКМК расмий маалымат бере элек.

Былтыр 4-октябрда кечинде Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) суракка чакырылган. .

Ушул эле күнү Бишкеке кримтөбөл Камчыбек Көлбаев жок кылынганын Улуттук коопсуздук комитети тастыктаган.

УКМКнын маалыматында уюшкан кылмыштуу топтун ишкерлердин өзгөчө ири суммада мүлктөрүн мыйзамсыз алып алгандыгы айтылат. Ошондой эле Камчы Көлбаевдин Дөө Чыңгыз аттуу каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Капаровду өлтүрүүгө тиешеси бар деген маалымат текшерилип жаткандыгы маалымдалды. Камчы Көлбаев Бишкекте “Блондер Паб” ресторанынын жанында УКМК кызматкердеринин талаптарын аткарбай, куралдуу каршылык көрсөткөнү белгиленди.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Матраимовго карата соттун бул чечими жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, Бишкекте аны камакка алууну талап кылган акция өткөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев , 23-ноябрда, мамлекетти коррупциядан, уюшкан кылмыштуу топтон тазалоо керектигин, Көлбаев, Матраимов, Женго дегендер башкарбайт деп билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты