ИИМ Чыңгыз Айдарбековдун иши боюнча жаңы фактылар аныкталганын билдирди

  • 1 месяц мурун

Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековго козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттердин кошумча эпизоддору аныкталган ички иштер министрлиги (ИИМ)  билдирди.

Буга чейин кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактылары, тактап айтканда, бюджеттик каражаттарды пайдаланууда мыйзам бузуулар аныкталганы тууралуу маалымдалган.

ИИМ Чыңгыз Айдарбековдун жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, мүлктүк активдерди мыйзамсыз каттоого тиешеси бар экендигин тастыктаган документтер табылганын айтты. Атап айтканда, көп кабаттуу турак жайдын курулушуна үлүштүк катышуу келишимдери боюнча төлөм квитанциялары, эсептешүү актысы жана анын атына катталган үлүштүк үч келишим алынган.

Чыңгыз Айдарбеков документтерди жасалмалоо жолу менен, иш жүзүндө кооперативге кийинчерээк мүчө болгонуна карабастан, өзүн мыйзамсыз түрдө коммерциялык эмес турак жай-курулуш кооперативинин негиздөөчүсү катары каттатканы белгиленди.

Жогорудагы мыйзамсыз аракеттерди колдонуу менен ал кооперативге таандык батирди жана башка кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алган. Натыйжада өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Ошондой эле буга чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинен Чыңгыз Эгембердиевдин дипломатиялык кызматта иштеген мезгилиндеги ишмердүүлүгүнө байланыштуу, анын ичинде контрабандалык иштерге (ичимдик, тамеки боюнча) жана визаларды мыйзамсыз тариздөөгө тиешеси бар экени тууралуу вербалдык нота келип түшкөнү аныкталган.

Анда Эгембердиевдин бул иштери дипломатиялык кызматкердин макамына туура келбейт деп табылган. Ушуга байланыштуу президенттин жарлыгы менен ал дипломатиялык даражаларынан ажыратылган.

Мындан тышкары, болгон маалыматтарга ылайык, Чыңгыз Айдарбеков фамилиясын өзгөрткөн, буга чейин ал Чынгыз Эгембердиев деген ат менен белгилүү болгон.

Аталган өзгөртүүлөр вербалдык нота келип түшкөндөн кийин жасалган, мында жаңы фамилиясы чоң таятасынын атасынын фамилиясына өзгөртүлгөн.

Тергөө иштери улантылууда.

Буга чейин Чыңгыз Айдарбеков кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелип жатканы айтылган. Айдарбековго өлкөдөн чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Бишкектеги №21 шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Чыңгыз Айдарбеков Интернетте тараган аны каралаган видеого жооп берип, эч кандай мыйзам бузбаганын, БШК мандат берүүнү кечиктирип жатканын айтты.

10-мартта Куванычбек Конгантиев депутаттык мандатын тапшырган. Анын ордуна добуштардын саны боюнча Чыңгыз Айдарбековго мандат берилиши керек. БШК болсо Айдарбековдун соттуулугу бар-жогуна байланыштуу Ички иштер министрлигинен маалымкат күтүп жатканын кабарлаган.

Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын Эл аралык университетин “Эл аралык байланыштар” жана “Юриспруденция” адистиктери боюнча аяктаган. Тышкы иштер министрлиги системасында атташе, катчы, бөлүм жетекчиси, тышкы иштер министри болуп иштеген. Кыргызстандын Өзбекстандагы, Түркмөнстандагы элчиликтеринде убактылуу ишенимдүү өкүл, кеңешчи болгон. Ошондой эле Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.

Жогорку кеңештин ал кездеги депутаттары Эмил Жамгырчиев жана Чыңгыз Айдарбеков — «Альянс» фракциясынын мүчөлөрү болгон. Кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу келишимдин долбооруна каршы добуш беришкен.

Жогорку Кеңеш Чыңгыз Айдарбековду эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгынан четтетишти.

Сүрөттө: Чыңгыз Айдарбеков. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты