Чыңгыз Айдарбеков кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелүүдө

  • 4 недели мурун

Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелүүдө. Айдарбековдун бөгөт чарасы өлкөдөн чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.     

Маалыматта А.Ч.А.  (Айдарбеков Чыңгыз Азаматович- ред.) тышкы иштер министри болуп иштеген мезгилде айрым жетекчи кызматкерлер менен сүйлөшүп алып, бюджеттик каражаттарды пайдаланууга байланыштуу бир катар мыйзам бузууларга жол бергендиги айтылат.

Тактап айтканда, каражаттарды мыйзамсыз чыгымдоо, айрым чыгымдардын көлөмүн жогорулатуу, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын тийиштүү документтерсиз же жасалма документтерди колдонуу менен эсептен чыгаруу, ошондой эле аларды өзүнө ыйгарып алуу фактылары, анын ичинде аффилирленген түзүмдөр аркылуу ыйгарып алуу фактылары орун алган.

Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Андан ары А.Ч.А.га аталган берене боюнча айыбы угузулуп, өлкөдөн чыкпоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынган.

Тергөө улантылууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, учурдагы VIII чакырылышка депутат болуу кезегинде турган Чыңгыз Айдарбековдун үйү Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери тарабынан тинтүүгө алынып жатканын ЖМКлар күч түзүмдөрүндөгү жеке булактарына таянып жазды.

Буга чейин Айдарбеков Ички иштер министрлигинде (ИИМ) суракта болгон.

Бишкектеги №21 шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Чыңгыз Айдарбеков Интернетте тараган аны каралаган видеого жооп берип, БШК мандат берүүнү кечиктирип жатканын айтты.

10-мартта Куванычбек Конгантиев депутаттык мандатын тапшырган. Анын ордуна добуштардын саны боюнча Чыңгыз Айдарбековго мандат берилиши керек. БШК болсо Айдарбековдун соттуулугу бар-жогуна байланыштуу Ички иштер министрлигинен маалымкат күтүп жатканын кабарлаган.

Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын Эл аралык университетин “Эл аралык байланыштар” жана “Юриспруденция” адистиктери боюнча аяктаган. Тышкы иштер министрлиги системасында атташе, катчы, бөлүм жетекчиси, тышкы иштер министри болуп иштеген. Кыргызстандын Өзбекстандагы, Түркмөнстандагы элчиликтеринде убактылуу ишенимдүү өкүл, кеңешчи болгон. Ошондой эле Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.

Сүрөттө: Чыңгыз Айдарбеков. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты