“Бул биздин канча жүзүбүз бар экенин көрсөтөт”. Айдарбековду комитет төрагалыгынан четтетишти

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Чыңгыз Айдарбековду эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгынан чакыртып алуу маселеси коюлду. Токтом долбооруна 42 депутат макулдугун берип, 17 депутат каршы болду.  

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат Гуля Кожокулова Чыңгыз Айдарбековду комитет төрагалыгынан чакырып алуу боюнча саясий прецендент түзүлүп жатканын, кийин мындай мамиле ар бирибизге жана комитет жетекчилерине да жасалат деген пикирин билдирди:

— Талаш көп, бирок биз биринчи иретте Конституциялык жана регламент боюнча комитеттердин корутундусун алышыбыз керек болчу. Эгер биз регламентти бузуу тууралуу сөз кылсак, анда ошол комитеттин, Жогорку Кеңештин юридикалык кызматынын корутундусу керек болчу. Эгер биз чечим кабыл алсак, баары мыйзам чегинде болушу керек, -деди Кожогулова.  

Депутат Жанар Акаев бул маселе ачык добуш берүү менен өтсүн деген сунушун билдирип, добуш берүү ачык өттү.

Ал эми депутат Адахан Мадумаров мына ушундай чечим кабыл алынгандан кийин эч нерсеге таң калбашыз керек экенин билдирди.  

-Мына ушундай чечим кабыл алынгандан кийин эч нерсеге таң калбашыбыз керек.

Жок дегенде ар бир чечим кабыл алынып жатканда комитеттин жүйөөлүү аргументтерин угуп жатабыз, азыр уккан жокпуз. Мейли эми, комитеттен кетүү, олтурууу чоң байлык эмес, бакыт эмес. Мына ушинтип отуруп кечээ колдоп, бүгүн алып, эртең башкасын коюп, бүрсүгүнү башкасын алып жана коюп, бул биздин канча жүзүбүз бар экенин көрсөтөт. Мейли, кийин тарых өз баасын берет ар бирибизге,-деди Адахан Мадумаров.   

Беш фракция Чыңгыз Айдарбековду эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгынан чакыртып алуу боюнча сунуш бергени бүгүн, 19-октябрда, маалым болгон.

10-октябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун колдоду. 6 депутат «макул», 4 эл өкүлү «каршы» деп добуш берди. Келишимдин долбооруна комитет жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков кол койгон эмес.

«Бул маселе боюнча бир нече жолу өз көз карашымды айттым. Кагаздарды, документтерди көрмөйүнчө макулдугумду бере албасымды билдиргем. Мен каршы добуш бердим» деди Айдарбеков комитет жыйынынан кийин.

Кечээ, 19-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сөз алып, Чыңгыз Айдарбеков мындай деген:

-Учурда комитет төрагасынын кызматын тапшырышым керек деген сөз пайда болду. Арыз жазганга даярмын. Убакыт бардыгын көрсөтөт. Жогорку Кеңеште материалды талкуулашыбыз керек. Чечимдерибиз элибизге пайда алып келиши керек. Эл бизге баа берет, эл — тараза, эл — сынчы. Саясаттагы эң кооптуу нерсе бул — кайдыгерлик,-деди Чыңгыз Айдарбеков.

Ошол эле кайрылууда депутат Айдарбеков Президентка да кайрылып, мындай деген:

-Урматтуу Садыр Нургожоевич, кечээ күнү сиз менен жолугуп, пикир алыштык. Диалогго дайыма даяр экениңизге күбө болдум. Кандай болбосун, бул чечим тарыхта калат. Мамлекет үчүн баарыбыз күйүп турабыз. Тең салмактуу чечим кабыл алынат деп терең ишенем. Кошоматчылардын табияты туруктуу эмес. Бүгүн кошоматчылар — эртең саткындар. Мен өмүр бою мамлекеттик кызматта иштедим. 22 жыл дипломатиялык тармакта, анын ичинде Өзбекстандагы кыргыз элчилигинде үч жыл иштедим. Бул маселелерди ичинен билем. Мен кадрдык дипломатмын. Эч ким мага кызматта түрткү берген эмес. Мамлекетке алып келген пайдам чоң, бирок ал тууралуу жеңил пиар кылган эмесмин.

Ошондой эле депутат Айдарбеков аткаруу бийлигинен бир киши аны далилсиз айыптаганын белгилеген:

-Өткөн апта делимитация боюнча пакет колума тийди. 11-октябрда бизге кагаздарды кайра кайтарып бергиле деди. Ошого карабастан регламенттин негизинде алып бардык. Кечинде кворум болду, президенттин өкүлү келди. Бул коллегиалдуу орган. Мен жалгыз чечим кабыл албайм. Сиздер менен  баарлашып, акылдашып, тынч, талашпай, төрагалыктан кетейин деген чечимге келдим.

Бирок кечээ бир киши коомго кайрылып, мени далилсиз айыптады, адилетсиз жамандады, намыска тийди. «Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт». Аткаруу бийлигинин өкүлү ал дайындалган киши, шайланган депутатка саясий баа берип жатат. Муну кандай түшүнсө болот? Элдин өкүлүнө одоно мамиле жасалып жатат. Бул — мамлекет кызматкеринин сабатсыздыгы,- деди Айдарбеков.

Вице-премьер-министр Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбековду кесиптештеринин Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүү боюнча келишимди колдоо чечимине кол койбогондугу үчүн сынга алды.​

«Чыңгыз Айдарбеков каалагандай каршы добуш бере алат, бирок көпчүлүк мүчөлөрү добуш берген комитеттин чечимине кол коюуга милдеттүү» деп жазды Байсалов Твиттерде. «Анын акылсыз популизми жана жоопкерчиликсиз позициясы бери дегенде анын компетентсиздигин айтып турат. Бирок түпкү мотивдер да бар болушу мүмкүн» деген Эдил Байсалов.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты