Кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу келишим долбооруна каршы добуш берген депутаттардын тизмеси

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоону жактырды.

Жыйынга президент Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев катышты.

Мыйзам долбоору үч окууда жактырылды.

1. “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору.

Добуш берүү үчүн 83 депутат катталды. Анын 65и “макул”, 19у “каршы” деп добуш берди.

2. “Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору.

Добуш берүү үчүн 83 депутат катталды. Анын 65и “макул”, 18и “каршы” деп добуш берди.

Кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу келишим долбооруна каршы добуш берген депутаттардын тизмесин маалымат каражаттары жарыялады.

Алар кимдер?

1. Чыңгыз Айдарбеков;

2. Султанбай Айжигитов;

3. Жанар Акаев;

4. Нилуфар Алимджанова;

5. Сеид Атамбаев;

6. Өмүрбек Бакиров;

7. Дастан Бекешев;

8. Эмил Жамгырчиев;

9. Тазабек Икрамов;

10. Азамат Исираилов;

11. Нуржигит Кадырбеков;

12. Адахан Мадумаров;

13. Талант Мамытов;

14. Исхак Масалиев;

15. Мирлан Самыйкожо;

16. Эльвира Сурабалдиева;

17. Эмиль Токтошев;

18. Эрулан Кокулов.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты