Чыңгыз Айдарбеков өзүнө депутаттык мандат берилиши керектигин айтты

  • 1 месяц мурун

Бишкектеги №21 шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Чыңгыз Айдарбеков Интернетте тараган аны каралаган видеого жооп берип, БШК мандат берүүнү кечиктирип жатканын айтты.

Өткөн жумада Ютуб каналда “Чыңгыз Айдарбековдун чуулгандуу кылмыштары. Эл чындыкты билиши керек!” деген тема менен видео чыккан. Анда Айдарбеков Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилигинде иштеп жүргөндө түркмөн жарандарына Кыргызстандын визасын сатып, аткезчилик менен алектенгени айтылат.

Чыңгыз Айдарбеков айтылгандарды төгүндөп, өзүн каралоо жүрүп жатканын билдирди. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы ага тез арада мандат бериши керектигин белгиледи.

10-мартта Куванычбек Конгантиев депутаттык мандатын тапшырган. Анын ордуна добуштардын саны боюнча Чыңгыз Айдарбековго мандат берилиши керек. БШК болсо Айдарбековдун соттуулугу бар-жогуна байланыштуу Ички иштер министрлигинен маалымкат күтүп жатканын кабарлаган.

Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын Эл аралык университетин “Эл аралык байланыштар” жана “Юриспруденция” адистиктери боюнча аяктаган. Тышкы иштер министрлиги системасында атташе, катчы, бөлүм жетекчиси, тышкы иштер министри болуп иштеген. Кыргызстандын Өзбекстандагы, Түркмөнстандагы элчиликтеринде убактылуу ишенимдүү өкүл, кеңешчи болгон. Ошондой эле Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.

Жогорку кеңештин ал кездеги депутаттары Эмил Жамгырчиев жана Чыңгыз Айдарбеков — «Альянс» фракциясынын мүчөлөрү болгон. Кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу келишимдин долбооруна каршы добуш беришкен.

Жогорку Кеңеш Чыңгыз Айдарбековду эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгынан четтетишти.

Сүрөт: Чыңгыз Айдарбеков. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты