Гүлжан Шерипбаева Жогорку сот тарабынан акталды
- 2 недели мурун
Nazar News басылмасынын башкы редактору Гулжан Шерипбаеванын ишинде кылмыш курамы жок экендигине байланыштуу бүгүн, 9-июнда, Жогорку сот тарабынан акталды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы ЖМКга билдирди .
Гүлжан Шерипбаева кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси расалык, этникалык, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты козутууга айыпталган.
2024-жылы 23-декабарда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Гүлжан Шерипбаеваны акталды.
Мамлекеттик айыптоочу Шерипбаевага 200 миң сом айып салууну сунуштаган, бирок сунуш канааттандырылган эмес.
NazarNews сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаеванын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кармап кеткенин ал өзү Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген. Ал соттун чечими менен камакка алынып, кийин үй камагына чыккан.
Сүрөт: Гүлжан Шерипбаеванын ФБ баракчасынан