Блогер Айтилек Орозбеков райондук сот тарабынан акталганын айтты

Бүгүн, 22-сентябрда, Бишкек шаарынын Свердлов районунун сотунун чечими менен блогер Айтилек Орозбеков акталды.

Бул тууралуу Айтилек Орозбеков жана анын адвокаты социалдык тармакта билдирди.

Блогер беш эпизод боюнча Свердлов райондук сотунда акталганын айтты.

Айтилек Орозбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери тарабынан 2024-жылы 2-ноябрда кармалып, ага бийликти күч менен басып алууга чакырыктар беренеси боюнча айып тагылган.

Буга чейин Чүй облустук ички иштер башкармалыгы (ИИБ) блогер Айтилек Орозбековдун кармалганы боюнча 6-майдын кечинде маалымат таратты.

“2025-жылдын 15-апрелинде Чүй облустук  ички иштер башкармалыгы тарабынан интернет тармагына карата жүргүзүлгөн маниторинг учурунда “Айтилек Орозбеков” аттуу ютуб каналы аркылуу улуттар аралык кастыкты козутуу фактысы таратылып жаткандыгы аныкталып, бул баракчанын кайрылусуу текшерүүгө алынып, соттук экспертизага жөнөтүлгөн. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык жогорудагы ютуб каналда “улуттар аралык кастыкты козутууну пропагандалоо” белгилери камтылгандыгы тастыкталып, Чүй ОИИББ тарабынан бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин  330-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон” деп айтылат маалыматта.

2025-жылдын 6-майында жогорудагы кылмыш ишинин негизинде 1995-жылы туулган Айтилек Орозбеков кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда блогер Айтилек Орозбековдун бөгөт чарасы каралып, ал үй камагына чыгарылган.

Активист Айтилек Орозбеков «Куликов» кондитердик фабрикасы аны камоо өтүнүчү менен сотко кайрылганын билдирген. Анын айтымында, жаңжал 9 ай мурун “Куликов” мекемелеринин биринде болгон. Анда Орозбеков кыргызча тейлөөнү талап кылганда компания укук коргоо органдарына арызданган. Активист камакка алынып, кийин үй камагына чыккан. Кийинчерээк «Куликов» компаниясы менен элдешкени тууралуу маалымат жарыя болгон.

Блогер Орозбеков Ютуб каналында ири соода борборлорундагы кыргыз тилин сыйлабаган кызматкерлерди айыптап келген.

Сүрөт: Айтилек Орозбеков жана адвокаты. Видео тасмадан алынды    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты