NazarNews сайтынын баш редакторун УКМК кармап кеткени кабарланды

  • 6 месяцев мурун

NazarNews сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаеванын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кармап кетти.

Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасында (Гүлжан Каримовна) өзү билдирди.  

Шерипбаеванын эмне себептен кармалганы азырынча белгисиз.

Ушул жылдын октябрь айында маданият министрлиги «Назар ньюс» сайтындагы Акылбек Жапаров тууралуу материалды албаса, бөгөттөлө турганын билдирген. Сайттан ал материал алынгандан кийин сайт бөгөттөлгөн эмес.

Социалдык тармактардагы постторунда Гүлжан Шерипбаева Райымбек Матраимовду колдой турганын билдирип келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты