Гүлжан Шерипбаева соттун чечими менен 1-декабрга чейин камакка алынды

  • 8 месяцев мурун

Гүлжан Шерипбаева соттун чечими менен 1-декабрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Nazar news сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаева жапырт баш-аламандык чакырык жасаган деп айыпталууда.

Буга чейин Гүлжан Шерипбаеванын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кармап кеткенин ал өзү Фейсбук баракчасында билдирген.  

Ушул жылдын октябрь айында маданият министрлиги “Назар ньюс” сайты Акылбек Жапаров тууралуу материалды алып таштабаса, бөгөттөлө турганын билдирген. Сайттан ал материал алынгандан кийин сайт бөгөттөлгөн эмес.

Социалдык тармактардагы постторунда Гүлжан Шерипбаева Райымбек Матраимовду колдой турганын билдирип келет. Кийинки кездерде ал социалдык тармактарда бийликти сындай баштаган. УКМК Гүлжан Шерипбаева тууралуу маалымат бере элек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты