Жогорку соттун судьясы Абылай Мухамеджанов дүйнөдөн кайтты
- 4 недели мурун
Мурдагы юстиция министри жана Жогорку соттун судьясы Абылай Мухамеджанов дүйнөдөн кайттты.
Бул тууралуу Жогорку сот кабарлады.
Абылай Мухамеджанов жөнөкөй кызматкерден мамлекеттик кызматтарга чейинки татыктуу жашоо жана кесиптик жолду басып өткөн. Ал ар кайсы жылдары тергөөчү болуп ийгиликтүү иштеп, Жогорку Кеңештин бөлүмдөрүн жетектеген, юстиция министри кызматын аркалаган жана узак убакыт бою Жогорку соттун судьялык милдетин кадыр-барк менен аткарып келген.
Сот органдарындагы кынтыксыз эмгеги, бийик кесипкөйлүгү жана сот тутумун өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын сот тутуму жана Сот тутумунун ардагерлер кеңеши сот тутумунун көрүнүктүү ишмери, мурдагы юстиция министри жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Мухамеджанов Абылай Жумакадыровичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Сүрөт: sot.kg




