Гүлжан Шерипбаева сот тарабынан акталды  

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 23-декабрдагы  чечими менен Nazar news сайтынын башкы редактору жана ээси Гүлжан Шерипбаеваны акталды.

Бул тууралуу аталган райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи май райондук соту Шерипбаеванын кыймыл-аракетинде кылмыш курамы жок деген негизде актаган.

Мамлекеттик айыптоочу Шерипбаевага 200 миң сом айып салууну сунуштаган, бирок ал канааттандырган эмес.

NazarNews сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаеванын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кармап кеткенин ал өзү Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген. Гүлжан Шерипбаева жапырт баш-аламандыкка чакырык жасоого айыпталган. Журналист өзүнө коюлган айыптар менен макул эместигин билдирген.

Ал соттун чечими менен камакка алынып, кийин үй камагына чыккан.

Сүрөттө: Гүлжан Шерипбаева. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты