Журналист Гүлжан Шерипбаеванын үй камагына чыккандыгы кабарланды

  • 8 месяцев мурун

NazarNews сайтынын баш редактору Гүлжан Шерипбаеванын үй камагына чыккандыгын кесиптештери маалымдады.

NazarNews сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаеванын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кармап кеткенин ал өзү Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.

Ушул жылдын октябрь айында маданият министрлиги “Назар ньюс” сайтындагы Акылбек Жапаров тууралуу материалды албаса, бөгөттөлө турганын билдирген. Сайттан ал материал алынгандан кийин сайт бөгөттөлгөн эмес.

Социалдык тармактардагы постторунда Гүлжан Шерипбаева Райымбек Матраимовду колдой турганын жана кийинки кездери бийликти сындап келгенин байкоого болот.

Гүлжан Шерипбаева жапырт баш-аламандыкка чакырык жасоого айыпталууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты