Журналист Гүлжан Шерипбаева жеке жактоочуга муктаж экенин билдирди   

  • 5 месяцев мурун

18-ноябрда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери NazarNews маалымат агенттигинин башкы редактору Гүлжан Шерипбаеванын камактагы шарттарына көз салуу үчүн Бишкектеги СИЗО-1ге барды.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери маалымдагандай, Гүлжан Шерипбаева ыйлап, стресске кабылганын айткан. Ошону менен бирге үй-бүлөсүнө жеке жактоочуга муктаж экенин айтып коюуну өтүнгөн — тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ага мамлекеттик жактоочу берилген.

Журналист өзүнө коюлган айыптар менен макул эместигин билдирди.

Ал камактагы шарттарга нааразы болгон эмес. Аны менен бирге камерада мурда соттолбогон дагы үч аял бар. Ден-соолугу канаттандырарлык экенин жана эч кандай дары-дармектерге муктаж эмес экенин билдирген. Анын айтымында, ал болгон окуяга абдан кабатыр.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева  NazarNews сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаеванын ишин өз көзөмөлүнө алды.

NazarNews сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаеванын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кармап кеткенин ал өзү Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.

Ушул жылдын октябрь айында маданият министрлиги “Назар ньюс” сайтындагы Акылбек Жапаров тууралуу материалды албаса, бөгөттөлө турганын билдирген. Сайттан ал материал алынгандан кийин сайт бөгөттөлгөн эмес.

Социалдык тармактардагы постторунда Гүлжан Шерипбаева Райымбек Матраимовду колдой турганын билдирип келет.

Гүлжан Шерипбаева жапырт баш-аламандыкка чакырык жасоого айыпталууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты