Гүлжан Шерипбаева жапырт баш аламандыкка чакырык жасоого айыпталууда

  • 6 месяцев мурун

Nazar news сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаева жапырт баш-аламандыкка чакырык жасаган деп айыпталууда.

Бул тууралуу адвокат ЖМКга билдирди.

Гүлжан Шерипбаевага мамлекет адвокат жактоочу болгон. Соттун чечими менен Шерипбаеваны 48 саатка камоо чечими кабыл алынган.  

Буга чейин Гүлжан Шерипбаеванын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кармап кеткенин ал өзү Фейсбук баракчасында билдирген.  

Ушул жылдын октябрь айында маданият министрлиги “Назар ньюс” сайты Акылбек Жапаров тууралуу материалды алып таштабаса, бөгөттөлө турганын билдирген. Сайттан ал материал алынгандан кийин сайт бөгөттөлгөн эмес.

Социалдык тармактардагы постторунда Гүлжан Шерипбаева Райымбек Матраимовду колдой турганын билдирип келет. Кийинки кездерде ал социалдык тармактарда бийликти сындай баштаган. УКМК Гүлжан Шерипбаева тууралуу маалымат бере элек.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты