Эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын соту болот  

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 21-майда, эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын соту болот.

Сот отуруму саат 15:30да Октябрь райондук сотунда болорун укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

30-апрелде Октябрь райондук соту Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасын карады.  Сот Свердлов районудук сотунун камакта калтыруу чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Канышай Мамыркулова соттун чечими менен 20-майга чейин камакта калтырылган.

9-апрелде Мамыркулованын кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча Свердлов райондук сотунун отуруму болду. Канышай Мамыркулова сотко алынып келинген эмес, соттук териштирүү анын өзүнүн катышуусуз  өттү. Свердлов райондук соту милиция тарабынан журналисттин кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милиция кызматкерлери тарабынан 20-мартта массалык баш аламандыкка чакырык жасоо жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип, Канышай Мамыркулова кармалганын ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

2025-жылы 22-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунда эркин журналист, активист Канышай Мамыркулованы эки айга камоо чечимин чыгарды.

Сүрөт: 9-апрель 2025-жыл. Бишкек шаардык соту. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты