Эркин журналист Канышай Мамыркулованын иши сотто 30-апрелде каралары белгиленди
- 2 месяца мурун
Эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын иши Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда эртең, 30-апрелде, саат 14: 00дө каралат. Бул тууралуу адвокат Нурбек Сыдыков билдирди.
Сот отуруму жабык түрдө өтөт.
Буга чейин эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү белгилүү болгон.
Бишкек шаардык соту Канышай Мамыркулованын иши боюнча Свердлов райондук соту тарабынан эки айга камакка алуу тууралуу чечимин 9-апрелде өзгөртүүсүз калтырды.
Ошондой эле 9-апрелде Мамыркулованын кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча Свердлов райондук сотунун отуруму болду. Канышай Мамыркулова сотко алынып келинген эмес, соттук териштирүү анын өзүнүн катышуусуз өттү. Свердлов райондук соту милиция тарабынан журналисттин кармалышын мыйзамдуу деп тапты.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милиция кызматкерлери тарабынан 20-мартта массалык баш аламандыкка чакырык жасоо жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип, Канышай Мамыркулова кармалганын ИИББ басма сөз кызматы билдирди.
2025-жылы 22-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунда эркин журналист, активист Канышай Мамыркулованы эки айга камоо чечимин чыгарды.
Сүрөт: 9-апрель 2025-жыл. Бишкек шаардык соту. «ПолитКлиника»
.