Дубай аэропорту учактар каттамын жөнөтө баштады
- 6 дней мурун
Дубайдын эл аралык аэропорту Жакынкы Чыгышта согуш башталгандан бери биринчи жолу учак каттамын жөнөттү. Бул тууралуу аба каттамдарындагы диспетчер чөйрөсүндөгү жеке булактарынын айтуусу боюнча ТАСС агенттиги билдирди.
Басылманын жеке булагынын айтымында, биринчи учак Самарканд шаарына учуп кетти. Ошондой эле дагы бир Телеграм-канал Дакку шаарына учак учканын жазды.
Буга чейин Дубайдын эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы аэропорт ишин чектөө режиминде ишке ашырарын билдирген. Жергиликтүү бийлик аэропортко учуу убактысы белгиленмейинче, жолго чыкпай турууга чакырды.
Ошондой эле ТАСС агенттиги Абу-Даби шаарынан Москванын Шереметьево аэропортуна эки күндөн ашык убакытттан бери биринчи жолу жүргүнчү учагы учуп кеткенин кабарлады. Абу-Даби шаарынан дагы бир нече рейс учуп чыккан.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушунан Перс булуңундагы өлкөлөрдөн миңдеген туристтер чыга албай калган, анын ичинде Бириккен Араб Эмираттарынан дагы.
Кыргыз Республикасынын (КР) Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн жана башка тармактык ведомстволордун жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрдү. Анда Жакынкы Чыгыш аэропортторунда калып калган Кыргыз Республикасынын жарадарынын маселеси да талкууланды.
Талкуунун жүрүшүндө согуш аракеттери жүрүп жаткан аймакта калган Кыргызстандын жарандарынын абалы талкууланды. Адилет Орозбеков алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мекенине кайтаруу үчүн чукул чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.
28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израилге АКШ да кошулду.
Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. Израилде өзгөчө абал жарыяланды. АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.
Сүрөт: Интернет булактарынан




