Президент “Манас” аэропортунун реконструкциядан кийинки абалын текшерди
- 1 неделя мурун
- Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, “Манас” эл аралык аэропортуна анын масштабдуу реконструкциядан кийинки абалы менен таанышуу үчүн барды.
Бул тууралуу президенттин сайтында айтылды.
Мамлекет башчы аэропорттун аймагын, кыргызстандыктарды жана чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алууга арналган залдарды көрүп чыкты.
Президент ошондой эле жакынкы күндөрү Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн жана иш сапарлар менен келе турган жогорку даражалуу конокторду тосуп алууга аэропорт комплексинин даярдыгы менен жеринен таанышты.
Мамлекет башчы жооптуу жетекчилерге аэропорттун жана ага чектеш аймактын толук даярдыгын камсыз кылууну тапшырып, тартипти жана коопсуздукту сактоого, протоколдук иш-чараларды так уюштурууга жана келген делегацияларды сапаттуу тейлөөгө өзгөчө көңүл бурду.
Сүрөт: president.kg




