Asman Airlines учагы техникалык себептен Ошко учуп бара жатып, кайра Бишкекке кайтты
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Asman Airlines учагы техникалык себептен Ошко учуп бара жатып, кайра Бишкекке кайтты. Социалдык тармактардагы маалыматты “Кыргызстан аэропорттору” ЖМКга тастыктаган.
25-сентябрда Asman Airlines авиакомпаниясынын учагы «Манас» аэропортуна кайтканы боюнча маалымат соцтармактарга жарыяланган.
Аба басымынын өзгөрүшүндө маалыматтарды туура эмес көрсөтүшү ыктымал. Мындай учурда учак артка кайтарылат жана кайрадан текшерилет деп айтылат маалыматта.
Жүргүнчүлөр аман-эсен кайтканы жана кайрадан текшерилгенден кийин учак кайрадан учаары маалымдалган.
Asman Airlines авиакомпаниясынын учагы 9-июлда, Бишкек шаарынан Раззаков шаарына учуп барып, кайра кайтууга аргасыз болду. Анын себеби техникалык мүчүлүштүктөргү байланыштуу экени айтылды.
Быйыл апрелде «Асман Эйрлайнска» тиешелүү учактын ичинде жүргүнчүлөргө кычкылтек жетишсиз болгон учур катталган.
Иллюстрациялык сүрөт: Asman Airlines




