Майамиде жүк ташуучу учак конуу учурунда кырсыктап, 5 киши каза тапты
- 1 месяц мурун
- Видео, Жаңылыктар
АКШнын Флорида штатынын Майами аэропортунда жүк ташуучу Boeing 767-300 учагы конуу учурунда учуу-конуу тилкесинен чыгып кетип, 5 киши каза тапты.
Бул тууралуу CNN телеканалы билдирди.
Учак автотоктоочу жайга кирип кетип, ал жерден өрт чыккан. Акыркы маалыматтарга ылайык, беш киши каза таап, дагы бешөө жабыркады.
Майаминин полициясы билдиргендей, бир нече киши унаада бекилип калып, аларды куткаруучулар чыгарган.
Каттамды 21 Air компаниясы аткарган, ал Amazon компаниясына тиешелүү. Учак Пуэрто-Рикодон келе жаткан.
Сүрөт: Chandan Khanna / AFP / Scanpix / LETA
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




