Дубайдан Тель-Авивге бараткан учак шашылыш конгон. Себеби учкучтардын мушташы болгону айтылууда

Дубайдан Тель-Авивге бараткан учак тынчсыздануу белгисин берип, учак шашылыш кондурулган. Анын себеби учактын бортунда эки учкучтун мушташы болгон.

Бул тууралуу The Times of Israel басылмасы жазды.  

FlyDubai авиакомпаниясынын учагы 30-сентябрда эртең менен Дубайдан Тель-Авивге бара жатып, тынчсыздануу сигналын, алгач “өзгөчө кырдаал”, кийин учакты басып алуу же уурдоо аракетин билдирип, кайра Сауд Аравиясына конууга бел байлаган. Учак Сауд Аравиясынын Табук шаарындагы аэропортко конгон.

Ynet басылмасы учактын шашылыш кондурулган себеби анын бортундагы эки учкуч мушташып кетип, учак ошол себептен кондурулганын айткан, FlyDubai маалыматты тастыктаган.

Сауд Аравиясына кайра конгон учакта 174 жүргүнчү болгон, анын 27си — балдар.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты