Депутат Сеидбек Атамбаев: «Атам сыйлыкка муктаж эмес»

  • 1 месяц мурун

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеидбек Атамбаев атасынын мамлекеттик сыйлыктан ажыратылышы боюнча пикирин Фейсбук баракчасында пикирин билдирди.

“Атам сыйлыкка муктаж эмес. Кандай иштеди, эмне кылды — ага Кудай, андан кийин эл тараза. Башкаларга окшоп элди аткан эмес, качкан эмес. Керек болсо, убагында түрмөдөн да эл чыгарып алган. Элден кечирим сураган бул, менимче, эң маанилүү” деди Сеидбек Атамбаев.

“Сыйлыкты алса, алып коюшту. Биз мындайды биринчи жолу баштан кечирип жатканыбыз жок. Крылов айткандай, “күчтүү алсызды күнөөлүйт” деди.  (Ну, лишили наград — так лишили! Мы не первый раз такое проходим. Крылов айткандай : у сильного всегда бессильный виноват!)

Бүгүн, 2025-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасынан, II даражадагы “Манас” орденинен, “Данакер” орденинен, “Даңк” медалынан ажыратылды.

2023-жылы 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыккан. Анда Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевдин Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча өкүмүн жокко чыгарган. Алмазбек Атамбаевге дарылануу үчүн Кыргызстандан чыгууга уруксат берилген. Учурда Атамбаев Испанияда дарыланууда.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылы Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, «коррупцияны уюштурууга» күнөөлүү деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, мамлекеттик сыйлыктардан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган. Алмазбек Атамбаев Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөгөн.

Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2025-жылдын 3-июнундагы өкүмүн аткаруу үчүн токтом кабыл алынды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадырбек Атамбаев учурда абакта жатат. Ага

Кадырбек Атамбаев жана коомдук-саясий ишмерлер, активисттер 17-январга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бүгүн, 23-ноябрда кабыл алган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүүгө шектелген адамдардын тобу кармалгандыгын 22-ноябрь түнү билдирди.Алардын арасында Кадыр Атамбаев да өлкөдө массалык башаламандыкты уюштурууга шектелүүдө.

Сүрөттө: Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Интернет булактарынан

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты