Мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды
- 4 недели мурун
- Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий өнүгүшүнө салым кошкон жарандарга, ошондой эле Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата мамлекеттик сыйлык тапшырды.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Мамлекет башчы өлкөсүнө жана өз ишине чын жүрөктөн берилген адамдар ак ниет эмгеги менен мамлекетти чыңдап, ар түрдүү тармактарда жогорку натыйжаларга жетишип, жаңы интеллектуалдык жана руханий баалуулуктарды жаратып жатканына токтолду.
“Мамлекеттүүлүктү чыңдоодо, рухий-адеп-ахлактык тарбия берүүдө, улуттук биримдикти бекемдөөдө, тигил же бул тармактын өнүгүшүнө салым кошууда өзгөчөлөнгөн мыктыларыбыздын мээнети сөзсүз бааланышы абзел” деди президент.
Мамлекет башчы жарандарды, өзгөчө жаштарды, сыйлык алгандардын татыктуу өмүр жолунан үлгү алууга жана элдин сыймыгына айланган, мамлекеттин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө өз салымын кошкон адамдардын эмгегин улантып, мамлекетти мындан ары да биргелешип чыңдоого чакырды.
Мурда маалмдалгандай, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу «Эмгек Баатыры» артыкчылык даражасы ыйгарылды:
Обончу, ырчы, аткаруучу Рысбай Абдыкадыровго (каза болгондон кийин), композитор Муратбек Бегалиевге, Таластагы Арал орто мектебинин мугалими Бектур Исаковго, БШК мүчөсү Сүйүнбек Касмамбетовго, Ахунбаев атындагы медицина академиясынын неонатология курсу жана госпиталдык педиатрия кажедрасынын башчысы Дүйшө Кудаяровго ыйгарылды.
Кыргыз эл жазуучусу Анатай Өмүрканов жана Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова “Кыргыз Республикасынын сыймыгы” ардактуу наамына ээ болду.
Сыйлангандардын арасында III даражадагы “Манас” орденин алгандар, “Ардак” медалын жана “Кыргыз эл жазуучусу”, “Кыргыз эл акыны”, Кыргыз эл артисти” ж.б. ардактуу наам алгандар бар.
Режиссер Уланмырза Карыпбаев, дирижер Боромбай Кулахматов, артист Темирлан Сманбеков, театр жана кино актеру Болот Тентимишов, артист Самидахан Халматова “Кыргыз эл артисти” наамын алды.
Жеңишгүл Өзүбекова Кыргыз эл жазуучусу, Атантай Акбаров Кыргыз эл акыны наамын алды. Кыргыз эл жазуучусу ардактуу наамы ыйгарылды.
Сыйлангандардын толук тизмеси бул шилтемеде.
Сүрөт: president.kg




