Алмазбек Атамбаев кызы менен Испанияда түшкөн жаңы сүрөт соцтармакта жарыяланды
- 1 месяц мурун
Социалдык тармакта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева менен Барселона шаарында түшкөн жаңы сүрөтү жарыяланды.
Атамбаевдин кызы Алия атасы менен жолугушууга Испанияга барган.
“Бул жылдары анын ден соолугу начарлады, бирок бедели, мүнөзү жана элдин көзүн тайманбай караган сапаты майтарылган жок” деди кызы атасы Атамбаев тууралуу.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө кызматы 2019-жылы кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси, уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупция уюштуруу боюнча шектүү деп тапкан.
2023-жылы 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыккан. Анда Жогорку сот Алмазбек Атамбаевдин Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча өкүмүн жокко чыгарган. Атамбаевге дарылануу үчүн Кыргызстандан чыгууга уруксат берилген.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылы Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, «коррупцияны уюштурууга» күнөөлүү деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, мамлекеттик сыйлыктардан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган. Алмазбек Атамбаев Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөгөн.
Учурда Алмазбек Атамбаев Испанияда дарыланууда.

Сүрөттө: Алмазбек Атамбаев кызы Алия менен Испанияда. Социалдык тармактан




