Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

  • 1 месяц мурун

Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2025-жылдын 3-июнундагы өкүмүн аткаруу үчүн токтом кабыл алынды.  

Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын төмөнкү сыйлыктарынан ажыратылды:

1) “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы;

2) II даражадагы “Манас” ордени;

3) “Данакер” ордени;

4) “Даңк” медалы жокко чыгарылды.

Маалыматта айтылгандай, мурда кабыл алган мамлекет башчынын жарлыктары жокко чыгарылды:

1) Кыргыз Республикасынын президентинин 1999-жылдын 22-апрелиндеги № 106 “А.Ш. Атамбаевди “Даңк” медалы менен сыйлоо жөнүндө” жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын президентинин 2007-жылдын 27-ноябрындагы № 518 “А.Ш. Атамбаевди “Данакер” ордени менен сыйлоо жөнүндө”жарлыгы;

3) Кыргыз Республикасынын президентинин 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 311 “Республиканын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө” жарлыгынын үчүнчү абзацы;

4) Кыргыз Республикасынын президентинин 2017-жылдын 27-ноябрындагы № 1 “А.Ш. Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө” жарлыгы;

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктар фондуна андан ары өткөрүп берүү үчүн ушул жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана аларга таандык документтерди алып коюу боюнча чараларды көрсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.   

 Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө кызматы 2019-жылы кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси, уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупция уюштуруу боюнча шектүү деп тапкан.

2023-жылы 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыккан. Анда Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевдин Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча өкүмүн жокко чыгарган. Алмазбек Атамбаевге дарылануу үчүн Кыргызстандан чыгууга уруксат берилген. Учурда Атамбаев Испанияда дарыланууда.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылы Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, «коррупцияны уюштурууга» күнөөлүү деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, мамлекеттик сыйлыктардан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган. Алмазбек Атамбаев Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөгөн.

Сүрөттө: Алмазбек Атамбаев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты