Бир катар диний ишмерлер мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды

  • 3 недели мурун

Бир катар диний ишмерлер мамлекеттик сыйлык менен сыйланды. Жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатын ишке ашырууга кошкон олуттуу салымы үчүн, ошондой эле Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин 30 жылдыгына байланыштуу бир катар диний ишмерлер мамлекеттик сыйлык менен сыйланды.

“Даңк” ордени менен:

Закиров Абдулазиз  – Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи;

Ракиев Замир – Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы; 

“Ардак медалы менен: 

Ахунбаев Ырысбай – диний ишмер, «Көлмө медресе» диний окуу жайынын директору, Бишкек шаары;

Ибраев Марс – Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү;

Таштанов Жеенбек – Жусуп Баласагын атындагы Ислам диний уюмунун негиздөөчүсү;

Туяков Сражидин – диний ишмер, «Абдуллах ибну Масъуд атындагы медресе» мекемесинин мугалими, Бишкек шаары.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын экс-муфтийи Чубак ажы Жалиловго  «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин).

Иллюстрациялык сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты