Түгөлбай Казаковго Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылды
- 2 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 2025-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы бир катар адамдарга ыйгарылды.
Жарлыкка ылайык төмөнкүлөргө Токтогул сыйлыгы ыйгарылды:
-Адабият жаатындагы мамлекеттик сыйлык жазуучу Ишен Айтмамбетовго “Бет-Алман” тарыхый романы үчүн;
-Музыкалык искусство жаатындагы мамлекеттик сыйлык Кыргыз эл артисти, композитор, обончу Түгөлбай Казаковго “Боз жорго” музыкалык чыгармасы үчүн;
-Кино искусство, радио жана телекөрсөтүү жаатындагы мамлекеттик сыйлык Абдыкадыр Тилекке, Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын документалдык жана илимий-популярдуу фильмдердин сценаристи жана кинорежиссеру – Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган 4 сериялуу тарыхый-документалдуу киноэпопея үчүн.
Сүрөттө: Түгөлбай Казаков. Интернет булактарынан




