Экс-депутат Ширин Айтматова Сыргак Кенжебаевдин кармалышы тууралуу пикирин айтты
- 8 часов мурун
- Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова мурдагы өмүрлүк жолдошу, жакында кармалган саясий блогер, активист Сыргак Кенжебаевдин кармалышы боюнча “Эр Сыргак” Ютуб-каналында пикирин билдирди.
“Сыргак Кенжебаевдин кармалышы боюнча кабарларда атым аталып, сүрөттөрүм чапталып жаткандыгы мени айтууга мажбурлады. Мен унчукпай эле коймокмун, бирок мени окуяга аралашууга тартышууда, анда аралашайын. Айта кетсем, “Шумкар” кыймылынын саясий багытын мен колдойм. Анда айтылгандай, элдин байлыгын чачып жатышат, жер-сууну сатып жатышат. Бул — биздин өлкөбүз үчүн өтө коркунучтуу. Менин мурдагы өмүрлүк жарым Сыргак Кенжебаев айткандай, ал чындыкты айтам деп, өз өмүрүн тобокелге салды. Эмне болуп жатканын көрүп жатасыңар, менин билишимче, аны аны кытайлык агенттер кыргыздар менен бирге кармашкан” деди Ширин Айтматова.
Ширин Айтматова чындыкты айткандар өз жазасын алып жатканын, мына ушундай чакта Төрөкул Айтматов, Чыңгыз Айтматов тууралуу, 37-жылдагы саясий репрессиялар тууралуу фильмдер чыгып жатканын да кошумчалай кетти.
«Бирок мындай учурларга карабай, кыргыз элинде баатырлар жарала берет. Баары бир алар тобокелге барып, чындыкты айтат» деди Ширин Айтматова.
Ички иштер министрлиги чет өлкө аймагынан Сыргак Кенжебаев кармалып, Кыргызстанга алынып келингенин билдирген.
ИИМ маалыматында Сыргак Кенжебаев буга чейин биргелешкен ишкердикти жүргүзүү шылтоосу менен алдоо жолу аркылуу жабырлануучу М.Н.нын 150 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алдап алгандыгы, аталган факты боюнча ага издөө жарыялангандыгы айтылат.
«Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн Кенжебаев интернет-ресурстарга чагымчыл мүнөздөгү материалдарды, ошондой эле митингдерди өткөрүүгө, массалык башаламандык уюштурууга жана андан соң бийликти басып алууга чакырыктарды жарыялай баштаган. Аталган факты боюнча Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренесинде жана 278-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон» деп билдирген Ички иштер министрлиги.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту саясий блогер, активист Сыргак Кенжебаевди 13-ноябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Алдамчылык” беренелери менен айып тагылууда.
Сыргак Кенжебаев чет өлкөдө жүрүп, Кыргызстандагы «офис» тууралуу видео материалдарды социалдык тармакка чыгарып келген.
Сыргак Кенжебаевдин “офис” тууралуу, анда президенттин агасы Сабыр Жапаровдун катышуусунда негизги маселелер чечилерин, бажыга таасир этерин айткан. Бул боюнча суроого президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго маегинде жооп берди.
«Мен жана Жапаровдор, дегеле бардык чиновниктер өзүбүздүн жеке чөнтөгүбүздү мамлекеттин чөнтөгү менен алмаштырбайбыз. Алмаштырган эмеспиз жана мындан ары да алмаштырбайбыз. Бул боюнча мен кепилдик бере алам. Ар бир чиновникке айтам, айыл өкмөттөн баштап, премьер-министрге чейин, Акылбек Үсөнбековичти коюп жатканда да ошентип айткам, казынага тиймей жок. Казына бул ыйык, элдин акчасы. Бизнес кылгыла, башка жактан тапкыла деп. Анан ошондон бери карай эле кимде-ким казынага кол салса, аеосуз камак келе жатабыз, кустуруп келе жатабыз. Көрүп жатасыңарбы?» деди Садыр Жапаров.
-Ошон үчүн эч качан мамлекеттин казынасына же мамлекеттин акчасына эч кимге уурдаганга жол бербейбиз. Мен бул жигиттин айтканын уктум, көрдүм. Муну мен кабыл алгам башында, мага алып келишкен. Кабыл алгам, эмне сунуш менен келдиң десем, эми жомок, айыл чарбасын жомок кылып ием деди. 2-3 жылдын ичинде жомокко айландырам айыл чарбасын деди. Европалыктар- голландиялыктар, немистер, италиялыктарым бар деп. Анан кабыл алдым дагы, Бакыт Төрөбаевди чакырып, экөөнү көздөштүрүп койдум. (Бакыт Төрөбаев айыл чарба министри эле) .”Бакыт, бул жомок кылып коем деп жатат, иштетип көрчү” деп. Мен инвестормун деп келгендердин баарын кабыл алам, кимиси болбосун, мейли кытайыбы, орусбу, түркүбү, ким болбосун. Анан тиешелүү адамдарга жиберем, карагыла бул жерди деп. Карагыла, иштешкиле, болсо салгыла деп. Бакыт Төрөбаев экөө Италияга, Германияга учуп барыптыр. Келди, Европаны бүт кыдырып. Анан Бакыт мырза айтты “Бул аферист өңдөнгөндөй” деп. Мунуку фантастика, жомоктой болуп жатат деп. Мен анда «болуптур «деп койдум, ишке ашпаса, бирөө милдеттендирип атпаса. Анан кетти,-деди Садыр Жапаров.
Сүрөттө: Ширин Айтматова. Социалдык тармактан




