Депутат Нарматова Матраимовду тааныгандарды кетире берсе, анда парламентти таркатууга туура келээрин билдирди  

  • 2 месяца мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова Райымбек Матраимовго байланышы бар деген депутаттардын мандатынын алынышы жана жеке өзүнүн мандаты тууралуу журналисттерге комментарий берди.  

-Райымбек Матраимовго жармаштырып жүрүшөт, мандатын тапшырыш керек деп.

Райымбек Матраимов боюнча: Кыргызстандагы 99% саясатчы, чиновниктердин бардыгы эле Матраимовду таанышат. Ал кыргыздын жөнөкөй баласы эмес, өзүнүн колунун келишинче, өзгөчө жетим-жесир, карапайым адамдарга жардамын көрсөтүп келген, мамлекеттик деңгээлде деле жардам көрсөтүп келди. Өзүңөр билесиңер, өзгөчө коронавирус мезгилинде. Мен анда 19-20-жылдары эч жерде иштечү эмес элем, коомдук ишмер катары Матраимовдун жалпы кыргыз эли кыйналып турган мезгилде бир жума, он күнгө жакын убакытта мамлекет башкара албай, протоколу да жок, элибиз кыргынга дуушар болуп турган мезгилде, ошолор “Ысмайыл ата” фонду аркылуу суурулуп чыгып, жети дубандагы карапайым элге жардам берип, дем алуучу аппараттарды алып келип, тамак-ашын таркатып, элге жардам бергени реалдуу да, чындаса. Ал тарых, ал өз убагында каражатты каяктан алды, ал мени кызыктырбайт. Тилекке жараша, колунда бар жигиттердин арасында Матраимов жетектеген фонд элге учурунда жардам берди.

Ошол элге берген жардамын айткам. Ал жаңылыкты бир эле мен эмес, жүздөгөн адамдар Матраимов жөнүндө жакшы сөздөрүн айтып, ыраазычылык билдирген. Ошондуктан Матраимовду тааныган, бизге окшогон чабактар жооп бербей эле, башынан ылдый карап чечиш керек. Себеби 99% баары таанып, бирге чай ичип, бирге басып жүргөн чиновниктер, байлар, саясатчылар турат, тойлоруна баргандар бар.

Мен улуу адам катары Матраимовдун элге кылган кызматын айткам, дагы деле айтам. Бирөөнүн жакшылыгын айтып коюш кылмыш эмес.

Мен “Мекеним Кыргызстандан” депутат болуп келген эмесмин. Райым Матраимовду тааныйм, анын бир туугандарын тааныйм, ал кылмыш эмес. Ошол мезгилдеги президенттерден, министрлерден, каржы министрлигинен, минэкономдон, бажы кызматынан, бардыгы башынан баштап текшерилип, “Мекеним Кыргызстандан”, “Биримдиктен”, “Кыргызстандан” депутат болгондор жооп берсе, анан тааныган адам катары бизге кезек келиши мүмкүн. Ан үчүн парламентти жоюш керек.

Парламенттин 99%и Райым Матраимовду тааныган адамдар. Мен Матраимовдун каражатына депутат болуп келгеним жок, “Ата-Журт-Кыргызстан” партиясынан келгем. “Ата-Журт-Кыргызстан” Матраимовдон каражат алып келген жок да. Мен элге кылган эмгегим, “Ата-Журт-Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүнүн колдоосу менен мандат алып отурам. Мен мандатымды татыктуу аткарып отурам, -деди Надира Нарматова.  

  

5-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал чыккан. Анда алар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго байланышы бар экени айтылган.

22-февралда БШК Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди мандатынан ажыратты . 2021-жылы Райымбек Матраимов менен чогуу соттолуп, айып пул төлөгөн Абдыбахаб Боронбаев 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган.

Ошондой эле Бишкек административдик соту Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарды.

Бүгүн, 13-мартта, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия №7 бир мандаттуу Ош шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алды.

2023-жылы 25-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына депутат Надира Нарматова “Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоорун алып чыкты жана мыйзам долбоору талкуусуз эле биринчи окууда кабыл алынды.

23-январда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документти экинчи окууда колдогон.

Сөз болуп жаткан мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Надира Нарматова 2021-жылы бийликчил “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын курамында Жогорку Кеңештин VII чакырылышын депутаты болуп шайланган. Нарматова буга чейин дагы чет жактардан каржыланган ЖМК, бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” макамын ыйгаруу маселеси менен парламентке кайрылган. 

Ал эркин ЖМКга, жарандык коомдун ишмердүүлүгүнө, кыздардын эркиндигине ж.б. темаларга байланыштуу чуулуу билдирүүлөрдү жасап келгени менен коомчулукка белгилүү. 

Бир катар эл аралык уюмдар «чет өлкөлүк өкүл» долбоорун четке кагуу боюнча кыргыз бийлигине кайрылышты. Кайрылууга Адам укуктары боюнча эл аарлык өнөктөштүк уюму (IPHR), Норвегия-Хельсинки комитети, Адам укуктары боюнча Хельсинки фондусу, Front Line Defenders, Freedom Now, Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Адам укугу үчүн эл аралык федерация  (FIDH), Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Кыйноолорго каршы эл аралык уюму (OMCT).

«Коммерциялык эмес уюмдар» тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 7-февралдагы жыйынынын күн тартибинен алынып салынды.

Сүрөт: kenesh.kg

        

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты