Эл аралык уюмдар «чет өлкөлүк өкүл» долбоорун четке кагуу боюнча бийликке кайрылышты

  • 11 месяцев мурун

Бир катар эл аралык уюмдар «чет өлкөлүк өкүл» долбоорун четке кагуу боюнча кыргыз бийлигине кайрылышты.

Кайрылууга Адам укуктары боюнча эл аарлык өнөктөштүк уюму (IPHR), Норвегия-Хельсинки комитети, Адам укуктары боюнча Хельсинки фондусу, Front Line Defenders, Freedom Now, Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Адам укугу үчүн эл аралык федерация  (FIDH), Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Кыйноолорго каршы эл аарлык уюму (OMCT).

Аталган уюмдар парламенттин депутаттарын парламенттин кароосундагы коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү коркунуч туудуручу жана ойлонулбаган мыйзам долбоорун четке кагууну сунуштайт.

«Олуттуу деңгээлде Орусия мыйзамдарына таянган жана чет жакадан каржыланган уюмдарды биринчи кезекте куугунтукка алып, алардын ишмердүүлүгүн чектөөгө багытталган аталган мыйзам долбоору Кыргызстандын активдүү жарандык коому, атап айтканда укук коргоочулар жана укук коргоочу уюмдар үчүн тикелей  жана олуттуу коркунуч туудурат. Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда өлкөдөгү буга чейинки жарандык коомдун өнүгүү жаатындагы жетишкендиктери жокко чыгарылып, бейөкмөт уюмдарынын адам укугун илгерилетүү, муктаждарга жардам берүү жана коомдук кызыкчылыктарды колдоого алган башка программаларынын жүзөгө ашыруусундагы бейөкмөт уюмдарынын негизги ролун начарлатмакчы. Аталган мыйзам долбоорунун кабыл аланышы Кыргызстандын адам укугу тармагындагы эр аралык милдеттенмелерине каршы келерин жана өз ара кызматташуу программалары жана колдоо көрсөтүүгө терс таасирин тийгизет деп белгилеп, Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрүн бул репрессиялык мыйзам чыгаруу демилгесине каршы чыгууга үндөйбүз», — деп жазылат билдирүүдө.

Былтыр ноябрь айында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитетине качан киргизилери азырынча белгисиз. Мыйзам долбоорунун демилгечилери Надира Нарматова баш болгон Жогорку Кеңештин 30дан ашуун депутаты.

31-майда парламенттин жыйынында депутат Дастан Бекешев бул мыйзам долбоорун кайрадан карап чыгууну сунуштаган. «Мыйзам долбоорунда коммерциялык эмес уюмдарды чет элдик агент катары эсептөө сунушталууда. Анда коммерциялык эмес уюмдардын көбү жабылат. Бул мыйзам долбоорун кайра карап чыгыш керек, көп уюмдар жабылып же өлкөдөн чыгып кетишет. Эгер мыйзам бузуу болсо, биздин ишибизге киришсе, башка механизмдер бар», — деген Бекешев.

Мыйзам долбооруна демилгечи болуудан бир канча депутат баш тарткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты