БШК Матраимов менен Ражабалиевди мандатынан ажыратты

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевдин депутаттык ыйгарым укуктарынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча маселесин карады.

Аталган комиссия эки депутатты мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алды.

2021-жылы парламенттик шайлоодо Искендер Матраимов Кара-Суу районунан, Нурлан Ражабалиев Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

Искендер Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун агасы.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2021-жылы 27-январдагы чечими менен Бажы кызматанын төрагасынын мурдагы орун басары, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, ага 260 миң сом айып салынган. Ал тергөө менен кызматташып, бажыда коррупциялык схема түзгөнү үчүн мамлекетке 12 миллион сом төгүп берген. Ражабалиев бул иштерди мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен чогуу кылганын тергөө аныктаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты