БШК Айбек Осмоновдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 13-мартта, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия №7 бир мандаттуу Ош шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу БШК билдирди.

Айбек Осмоновдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтотууга анын жазган арызы себеп болгону белгиленди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов депутаттык мандатын тапшыруу арызын жазганы маалымдалган.

5-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал чыккан. Анда алар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго байланышы бар экени айтылган.

22-февралда БШК Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди мандатынан ажыратты . 2021-жылы Райымбек Матраимов менен чогуу соттолуп, айып пул төлөгөн Абдыбахаб Боронбаев 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган.

Ошондой эле Бишкек административдик соту Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарды.

Айбек Осмонов буга чейин “Азаттыкка” берген комментарийинде Райымбек Матраимов менен жердеш экенин, бирок эч кандай байланышы жок экенин айткан. 

27-февралда vb.kg сайты парламенттеги жеке булактарына шилтеме берип “депутаттар Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов чет өлкөгө шашылыш чыгып кеткенин” жазган. Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов эмгек өргүү алып, Түркиядан дарыланып келгенин билдирген.

Айбек Осмонов 2021-жылы №7 бир мандаттуу Ош шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыяланган.

Маалыматка ылайык, Райымбек Матраимов кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси («Кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда адамды күч менен кармоо менен анын жүрүү эркиндигин чектөөгө көмөктөшүү») боюнча шектелүүдө.

Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты