«Туура эмес нерсени айтуу — менин милдетим». Депутат Эрулан Көкүлов аткаруу бийлигин сындады

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов парламенттин 16-сентябрдагы жыйынында аткаруу бийлигин сындады. Ал айрыкча Бишкек шаарынын мэриясы Жогорку Кеңештин депутаттары айтып жаткан көйгөйлөрдү жокко чыгарып жатканына, акыркы убакта Өкмөттүн элге мамилеси өзгөрүп бара жатканына нааразы болду.

Депутат Эрулан Көкүлов мындай деди:

-Мен Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенде Раим Матраимовдун жанында жүргөндөр абдан көөп жүрчү. Кийин алар кетти. Ордуна Камчыбек Кыдыршаевичтин (Ташиев-ред.) жанында жүргөндөр келди, алар да абдан көптү. Бүгүнкү күндө өкмөт ушундай көрүнөт мага. Кечээ кесиптешибиз Болот Ибрагимов Бишкектеги жолдор боюнча кайрылса, эртеси күнү видео чыкты «калп айтып жатыптыр» деген. “Жолдор түптүз, сопсонун экен”. Урматтуу мэрия, биз колубуздан келишинче эле силерди колдоп жатабыз. Бирок мынчаоыкка барбагыла да. Бүт нерсенин чеги бар да. Бишкектеги жолдордун эрип жатканы, аягы тосулган арыктар бар экени чын да. Веложолго алып барып коюп койгон столбалар калппы? Эл көрүп жатат да. Өзүм мектепти тартып келдим, курулуш министрлиги боюнча. Эртеси видео чыкты «убактылуу пол» деп. Убактылуу пол дегенди уктуңар беле?- деди депутат Көкүлов.

-Жаман дебейм, кылган жоксуңар дебейм, бирок туура эмес кылып жаткан нерсени айтуу бул менин милдетим, эл аманат берген, мени депутат кылып шайлаган, биздин үнүбүз жетпей калышы мүмкүн, сен кыл деп,-деди Көкүлов. -Акыркы маалда элге кылган мамилеңер да өзгөрүп баратат, урматтуу өкмөт. Бизде Конституция боюнча биринчи бийлик бул эл. Элге андай мамиле кыла албайбыз,-деди депутат Көкүлов.

-Мисалы, Ысык-Көлдөгү Кызыл-Суу айылында суу боюнча маселе чыгып, ал дагы эле бүтө элек. Ортодо жок болгон акчаны таба албай жатабыз. Жыйында кичине эле туура эмес сүйлөгөн адамды милиция бөлүмүнө алып барып түшүнүк кат жаздырып жатышат, — деди депутат.

Буга чейин депутат Болот Ибрагимов Бишкектеги жолдордун абалын сынга алган.

Сүрөттө: Депутат Эрулан Көкүлов. ЖК түз эфир тасмасынан алынды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты