“Бул — чоң трагедия”. Депутат өлкөдө онкологиялык дарттан күнүнө он киши каза болуп жаткандыгы боюнча коңгуроо какты  

Бүгүн, 23-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында  “Ынтымак-Мекенчил” депутаттык тобунун атынан депутат Талант  Мамытов онкология дартка чалдыккандардын саны өсүп жаткандыгы боюнча коңгуроо какты.

-Кыргызстанда 37 миңден ашык адам онкологиялык дарттар боюнча каттоодо турат. Жыл сайын алардын саны көбөйүүдө. 2020-жылы 5377 болсо, 2025-жылы 7 миңен ашты. Башкача айтканда 30 пайзыга көбөйдү. Алардын аталган оорудан каза болгондору 3 миңден ашат. Демек, күнүгө онкологиялык оорудан 10 адам каза болуп жатат. Бул чоң трагедия. Ушул маселени, анын себептерин жана кесепеттерин карап чыгыш керек,-деди депутат.

Иллюстрациялык сүрөт: ЖК жыйынынын түз эфир тасмасынан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты