Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын элчилик дипломатиялык рангынан ажыратылды

  • 1 год мурун

Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангынан ажыратылды.

Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Бул чечим Айдарбеков Кыргыз Республикасынын жакынкы бир катар чет өлкөлөрдөгү чет өлкө мекемелеринин (элчиликтердин) кызматкери кезинде дипломат деген жогорку наамды дискредитациялаган жагдайлар ачылгандыгына байланыштуу кабыл алынгандыгы жарлыкта белгиленди.

 Жогорку Кеңештин 20-октябрдагы жалпы жыйынында Чыңгыз Айдарбековду эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгынан четтетишти. Токтом долбооруна 42 депутат макулдугун берип, 17 депутат каршы болду.  

Депутат Адахан Мадумаров мына ушундай чечим кабыл алынгандан кийин эч нерсеге таң калбашыз керек экенин билдирди.  

-Мына ушундай чечим кабыл алынгандан кийин эч нерсеге таң калбашыбыз керек. Жок дегенде ар бир чечим кабыл алынып жатканда комитеттин жүйөөлүү аргументтерин угуп жатабыз, азыр уккан жокпуз. Мейли эми, комитеттен кетүү, олтурууу чоң байлык эмес, бакыт эмес. Мына ушинтип отуруп кечээ колдоп, бүгүн алып, эртең башкасын коюп, бүрсүгүнү башкасын алып жана коюп, бул биздин канча жүзүбүз бар экенин көрсөтөт. Мейли, кийин тарых өз баасын берет ар бирибизге,-деди Адахан Мадумаров. 

10-октябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун колдоду. 6 депутат «макул», 4 эл өкүлү «каршы» деп добуш берди. Келишимдин долбооруна комитет жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков кол койгон эмес.

«Бул маселе боюнча бир нече жолу өз көз карашымды айттым. Кагаздарды, документтерди көрмөйүнчө макулдугумду бере албасымды билдиргем. Мен каршы добуш бердим» деди Айдарбеков комитет жыйынынан кийин.

Кечээ, 19-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сөз алып, Чыңгыз Айдарбеков Президент Садыр Жапаровго кайрылып мындай деген:

-Урматтуу Садыр Нургожоевич, кечээ күнү сиз менен жолугуп, пикир алыштык. Диалогго дайыма даяр экениңизге күбө болдум. Кандай болбосун, бул чечим тарыхта калат. Мамлекет үчүн баарыбыз күйүп турабыз. Тең салмактуу чечим кабыл алынат деп терең ишенем. Кошоматчылардын табияты туруктуу эмес. Бүгүн кошоматчылар — эртең саткындар. Мен өмүр бою мамлекеттик кызматта иштедим. 22 жыл дипломатиялык тармакта, анын ичинде Өзбекстандагы кыргыз элчилигинде үч жыл иштедим. Бул маселелерди ичинен билем. Мен кадрдык дипломатмын. Эч ким мага кызматта түрткү берген эмес. Мамлекетке алып келген пайдам чоң, бирок ал тууралуу жеңил пиар кылган эмесмин, —деди Айдарбеков.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты