Жанар Акаев: Чыңгыз Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу жыйындарга убактылуу катыша албайт

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу жыйындарга убактылуу катышпайт. Бул тууралуу «Альянс» фракциясынын лидери Жанар Акаев билдирди.

«Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасына жана фракция лидери катары менин атыма расмий кат жазды. Чыңгыз Азаматович өтө жакынкы күндөрү кайтып келип, өз ишин улантат деп ишенем», — деп жазды ал Фейсбуктагы баракчасына.

Акаев мындан тышкары «Альянс» фракциясынын дагы бир мүчөсү Эмил Жамгырчиевдин тегерегинде жаралган жагдайлар боюнча кошумча маалымат берилерин кошумчалады.

27-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков Казакстанга баратканда «Ак-Жол» өткөрмө бекетинде кармалып, УКМКнын имаратына алынып келинген соң кайра коё берилгени тууралуу маалымат тараган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 28-ноябрда Чыңгыз Айдарбеков кармалбаганын, учурда ал Казакстанда экенин маалымдады.

Ал эми Эмил Жамгырчиевдин тегерегиндеги жагдай боюнча азырынча маалымат берилбей турганын айтышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты