“Бул жакта болоттой курчудум, ийилдим, бирок сынбадым”. Махабат Тажибек кызы абактан кат жазды

Абак жайында жаза мөөнөтүн өтүп жаткан журналист Махабат Тажибек кызы ачык кат жазды. Анда ал №2 абактагы эки жыл ичиндеги жашоосу, ички сезимдери менен бөлүштү. Кат адвокат Асел Аргымбаева аркылуу берилген.  

Махабат Тажибек кызынын катынын түп нускасы орус тилинде жазылган, «ПолитКлиника» басылмасынын редакциясы аны кыргызчалады.

МАХАБАТ ТАЖИБЕК КЫЗЫ: «Мен бул жакта болоттой курчудум, ийилдим, бирок сынбадым»

-Мен демократиялаш досторумдун баарына салам айтам. Мына, абакта отурганыма эки жыл болуп калды. Абакта отурган ушул мезгилиме кылчайып карап, силерге жазууну туура көрдүм.

Ушул эки жыл ичинде мен кандай гана кыйынчылык, тозокту башыман өткөрбөдүм! Эркинен ажыратылгандар жана бул жактагы айрым кызматкерлер тарабынан интрига, дискредитация, сатып кетүү, баары кездешти. Алар мени сындыруу менен эркиндикке чыгуу “белегин” алууга же өкмөт тарабынан кызматка жетүүгө умтулду.  

Мен болсо, бар күчүм менен сынбаганга, майтарылбаганга аракеттендим. Айрым күндөрү өзүмдү жээктеги жалгыз жандай жана каралбай калгандай сезимде болдум. Бирок силердин каттарыңар жана каалоо-тилектериңер мага кадимкидей күч-кубат берип, майышпай, алдыга карай көкүрөк толо ишенич менен барууга түрткү берди. Силер мени колдон алып, алдыга жетелегендей болдуңар.

Ушул өткөн эки жыл мени коркуу сезимин басып койбой, аларды кыйгап өтүүгө көмөк берди. Бет алдыдагы көйгөйгө тике карап, андан мүмкүн болушунча азыраак жоготуу менен чыгууга үйрөттү.  Эл менен мамиле кылууга, кандай гана катаал кырдаал болбосун, майышпоого үйрөттү.   

Эркинен ажыратылып отургандардын баары же кызматкерлердин баары жаман деп айткандан алысмын. Алардын арасында ак пейил, жакшы адамдар бар, алар мени жактап, коргоп турушту.

Абактын администрациясы менин чыгармачылык жактан өнүгүшүмө аралжы болду, сүрөт тартуу менен алаксып, комузда кол ойнотуп, ырдап, бугумду чыгарып турушума шарт түзүлдү.  

Менин суранычым боюнча китепкананы окумдуу китептер менен жаңылап турушту.  

Азыркы абалым жакшы, себеби мен эң катаал мектептен өтүп, сыноону “мыкты” деген баага тапшырдым деп айта алам. Азыр мени жакшы көрүп жана сыйлап калышты. Ал эми мындан ары кандай болот — аны да көрө жатарбыз.

Артты бир кылчайып карап, мен дал ушул мектепти, дал ушул жерде өтүшүм керек болгонун түшүндүм. Себеби бул жактан алган сабактар, башка эч бир жерде окутулбайт.  

Мен бул жакта болоттой курчудум, ийилдим, бирок сынбадым.

Ушул жакта өткөн күндөрүмө кылчайып көз салып, досторум менен пикирлештериме гана ыраазы болбостон, мени ушул жакка жибергендерге да ыраазы болуп кетем.

Мен силердин баарыңарга- апама, жолдошума, бир туугандарыма жана мен үчүн тынчсыздангандардын баарына чексиз ыраазылыгымды айтам. Силердин колдооңор жана ишенимиңер мага аябагандай күч-кубат берет. Өзүңөрдү сактагыла, мени дагы.

Саламым менен Махабат Тажибек кызы». 4-март, 2026-жыл. №2 абак жайы.

“Бул жакта болоттой курчудум, ийилдим, бирок сынбадым”. Махабат Тажибек кызы абактан кат жазды
“Бул жакта болоттой курчудум, ийилдим, бирок сынбадым”. Махабат Тажибек кызы абактан кат жазды

Жогорку сотко кайра каралууга 3-мартка белгиленген соту 25-мартка саат 10:45ке жылдырылганы айтылган.  Соттук иш кайра 10-мартка саат 10:45ке жылдырылганы белгилүү болду.

Соттук отурумдун жылдырылышы судьянын биринин ооруп калгандыгына байланыштуу экендиги айтылган.   

3-мартта Махабат Тажибек кызынын иши Жогорку сотто жаңы ачылган жагдай боюнча кайра каралмак.

2-февралда саат 10:00дө Жогорку сотто журналист Махабат Тажибек кызынын иши боюнча жаңы жагдайларга байланыштуу кайрадан карала турган сот отуруму жылдырылган болчу. Анда судьялар соттук материалдар менен таанышышы үчүн убакыт керек болгон деген себеп айтылган.

Буга чейин журналисттин ишин караган Бириккен Улуттур Уюмунун (БУУ) жумушчу тобу 2025-жылдын 16-ноябрында Махабат Тажибек кызынын кармалышы мыйзамсыз жана ал бошотулууга тийиш экенин расмий билдирген.  

Буга байланыштуу жактоочулар Жогорку сотко жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароо керектиги боюнча кайрылган.  

2025-жылы 10-октябрда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан райондук прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, Temirov Live, Kloop. kg « Айт Айт Десе” медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдары экстремисттик деп табылды. Махабат Тажибек кызы — ал долбоорлордун жетекчиси жана өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы.

Сүрөт: Сотто. «ПолитКлиника» 2025-жыл.             

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты