Журналист Махабат Тажибек кызынын иши Жогорку сотто бүгүн кайрадан каралат
- 1 месяц мурун
Мурда билдиргендей, бүгүн, 2-февралда, саат 10:00дө Жогорку сотто журналист Махабат Тажибек кызынын иши боюнча жаңы жагдайларга байланыштуу кайрадан каралат.
Буга чейин журналисттин ишин караган Бириккен Улуттур Уюмунун (БУУ) жумушчу тобу 2025-жылдын 16-ноябрында Махабат Тажибек кызынын кармалышы мыйзамсыз жана ал бошотулууга тийиш экенин расмий билдирген.
Буга байланыштуу жактоочулар Жогорку сотко жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароо керектиги боюнча кайрылган.
2025-жылы 10-октябрда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.
2025-жылдын 25-февралында Жогорку сот төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.
Тажибек кызы тергөө абак жайынан аялдар абагына которулуп, Чүйдөгү №2 аялдар абагында жазасын өтөп жатат.
Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.
2024-жылы 10-октябрда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарылды. Калган журналисттер — Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажыбек уулу жана “ПолитКлиникадан” Тыныстан Асыпбеков соттун чечими менен акталган.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан 27-октябрда райондук прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, Temirov Live, Kloop. kg « Айт Айт Десе” медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдары экстремисттик деп табылды. Махабат Тажибек кызы ал долбоорлордун жетекчиси жана өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы.
Сүрөт: Интернет булактарынан




