Жогорку сотто карала турган Махабат Тажибек кызынын иши кайра 10-мартка жылдырылды

  • 6 дней мурун

Жогорку сотко кайра каралууга 3-мартка белгиленген соту 25-мартка саат 10:45ке жылдырылганы айтылган.  Соттук иш кайра 10-мартка саат 10:45ке жылдырылганы белгилүү болду.

Бул тууралуу Махабат Тажибек кызынын адвокаты билдирди.

Соттук отурумдун жылдырылышы судьянын биринин ооруп калгандыгына байланыштуу экендиги айтылган.   

Бүгүн, 3-мартта, саат 11:15те журналист Махабат Тажибек кызынын иши Жогорку сотто жаңы ачылган жагдай боюнча кайра каралмак.

2-февралда саат 10:00дө Жогорку сотто журналист Махабат Тажибек кызынын иши боюнча жаңы жагдайларга байланыштуу кайрадан карала турган сот отуруму жылдырылган болчу. Анда судьялар соттук материалдар менен таанышышы үчүн убакыт керек болгон деген себеп айтылган.

Буга чейин журналисттин ишин караган Бириккен Улуттур Уюмунун (БУУ) жумушчу тобу 2025-жылдын 16-ноябрында Махабат Тажибек кызынын кармалышы мыйзамсыз жана ал бошотулууга тийиш экенин расмий билдирген.  

Буга байланыштуу жактоочулар Жогорку сотко жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароо керектиги боюнча кайрылган.  

2025-жылы 10-октябрда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан 27-октябрда райондук прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, Temirov Live, Kloop. kg « Айт Айт Десе” медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдары экстремисттик деп табылды. Махабат Тажибек кызы ал долбоорлордун жетекчиси жана өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты