Жогорку сотто Махабат Тажибек кызынын ишин кайра кароо мөөнөтү 3-мартка жылдырылды

  • 2 недели мурун

Журналист Махабат Тажибек кызынын ишин Жогорку сотто жаңы ачылган жагдай боюнча кайра кароо 3-мартка саат 11:15ке чейин жылдырылды.

Бул тууралуу жактоочу Ногоев Акынбек мындай деди:

«Жактоочу тараптан өтүнүч келтирилген, жаңы ачылган жагдай боюнча Жогорку сотто ишти кайра кароо боюнча. Ошол өтүнүч каралган жок, сот отуруму 3-мартка саат 11:15ке жылдырылды. Сот кыска эле сүйлөдү, бизге бардык документтер келген жок, анын баарын карап чыгыш керек дешти» деп айтты жактоочу Ногоев.

Мурда билдиргендей, бүгүн, 2-февралда, саат 10:00дө Жогорку сотто журналист Махабат Тажибек кызынын иши боюнча жаңы жагдайларга байланыштуу кайрадан каралмак.

Буга чейин журналисттин ишин караган Бириккен Улуттур Уюмунун (БУУ) жумушчу тобу 2025-жылдын 16-ноябрында Махабат Тажибек кызынын кармалышы мыйзамсыз жана ал бошотулууга тийиш экенин расмий билдирген.  

Буга байланыштуу жактоочулар Жогорку сотко жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароо керектиги боюнча кайрылган.  

2025-жылы 10-октябрда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

2025-жылдын 25-февралында Жогорку сот төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Тажибек кызы тергөө абак жайынан аялдар абагына которулуп, Чүйдөгү №2 аялдар абагында жазасын өтөп жатат.

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

2024-жылы 10-октябрда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарылды. Калган журналисттер — Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажыбек уулу жана “ПолитКлиникадан” Тыныстан Асыпбеков соттун чечими менен акталган.   

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан 27-октябрда райондук прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, Temirov Live, Kloop. kg « Айт Айт Десе” медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдары экстремисттик деп табылды. Махабат Тажибек кызы ал долбоорлордун жетекчиси жана өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы.

Сүрөт: Сотто. «ПолитКлиника» 2025-жыл.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты