Октябрь райондук соттун чечими менен Temirov Live, Клооп kg, “Айт-Айт Десе” долбоорлору экстремисттик деп табылды

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан 27-октябрда райондук прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, Temirov Live, Kloop. kg « Айт Айт Десе” медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдары экстремисттик деп табылды.

Ошондой эле аталган долбоорлордун ишмердүүлүгүнө катышкан Болот Темиров жана Ринат Тухватшиндин аракеттери да экстремисттик деп таанылган чечим чыгарылды. Ошондой эле аталган медиа долбоорлордун интернеттеги баракчалары жана ишмердүүлүгү тыюу салынды.

Мындан тышкары аталган медиа-долбоорлордун материалдарын жайылтуу же кайра жарыялоого кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Болот Темиров иликтөөчү журналист, Temirov Live жана «Айт-айт десе» долбоорлорунун негиздөөчүсү, 2022-жылы 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунун чечими менен өлкөдөн чыгарылган.

Темиров сот өкүмүн бийликтин өч алуу аракети катары баалап, ал Кыргызстандын жараны экенин, шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарганын айткан.

Эл аралык Amnesty International уюму иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы, журналист Махабат Тажибек кызын бошотуу боюнча петиция жарыялады.

“Махабат Тажибек кызын тезинен бошотууга, кылмыш ишин кайра кароого чакырган петицияга кол коюңуз” деп айтылат билдирүүдө.   

2024-жылы 10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды.

2025-жылы 25-февралда Жогорку сот Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызына чыгарылган райондук жана шаардык соттордун чечимдерин күчүндө калтырды.

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

2024-жылы 16-июлда Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу маселеси боюнча акыркы чечимди кабыл алды. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун фондду жоюу боюнча чечими өзгөрүүсүз калды.

17-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда «Клооп» басылмасынын мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду жалпы режимдеги абакка 5 жылдан эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Ал эми эки эсепчиге 3 жылдан пробация режими берилди.

«Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин мекеме мыйзам чегинде иш алып барганын белгиледи.

«Биз мыйзам чегинен чыкпай иштеп жатканбыз. УКМК кызматкерлери салык боюнча көптөгөн отчетторду кылдат иликтеп чыкса, биз юридикалык жактын мыйзамдуу иш алып барганына көздөрү жетет» деди Тухватшин.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты