“Демагогия, жалаң демагогия”. Президент чек ара боюнча Айжигитовдун айткандары тууралуу
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине кыргыз-тажик чек арасы боюнча депутат Султанбай Айжигитовдун айткандарын бүгүн, 6-мартта, комментарийледи.
-Демагогия, жалаң демагогия. Бул киши үч күндө пикирин алмаштырып, башкача сүйлөп чыкканы түшүнүксүз. Эмнеге минтти, изилдеп көрүшүбүз керек. Бул киши баарын билет, түшүнөт, беш колундай билет. Бирок эмнегедир башка дагы көп маселелерде билмексен болуп эле провокация жасай бергенин байкап жүрөм. Мисалы, кечээки сөзүндө Ворухту айтып жатат. Биз 19 миң 500 гектар жер берип койгондой айтты. Ворух өзү илгертен берки карталар боюнча 14 миң 500 гектар жерди ээлеп турат. Муну бул киши жакшы билет. Өзү баткендик. Анысы аз келгенсип, губернатор болуп да иштеген,-деди президент.
“Андан сырткары ворухтуктар 5 миң гектарды түзгөн биздин жайлоону пайдаланып келишкен. Ал жайлоого биздин жергиликтүү эл Ворух аркылуу гана баргандыктан, бүгүнкү күнү эч ким пайдаланбайт. Ал жайлоого барчу башка жол жок. Ошол жайлоону толугу менен бизге таштагыла, ордуна биз силерге башка жерден беш миң гектар жер берели, алмашалы дешкен. Биз жок, баарын эмес, бир миң гектар гана алмашалы деп миң гектар калтырып, ордуна Чоң-Алайдан миң гектар жер жайлоо алдык.
Ошону менен Ворух 15 миң 500 гектар менен токтоду. Бүттү. Мындан ары түбөлүк чекит коюлду. 14 миң 500 гектар илгертен берки карталар боюнча алар ээлеп келген жер. Муну билип туруп бул депутат манипуляция кылып жатат” деди Садыр Жапаров.
Президент Достук айылы боюнча буларды кошумчалады.
-Ал эми Достук айылы боюнча. Достук айылы Ворухка дарбаза болуп турат имиш. Ворух каякта дагы, Достук айылы каякта? Экөө эки башка жактарда турат. Ворухка Ак-Сай айылы дарбаза болуп турат. Мунун баарын бул киши беш колундай билет. Эки тарап тең стратегиялык максатты көздөп алмашууларды кылган жокпуз. Кайсы жерде дайыма чыр-чатактар чыгып кетип жаткан жерлерди алмаштык.
Анткени алмашылган жерлер же анклав, же шахматтын тактасындай аралашып жайгашып калган, же чек араларыбызга чапташып турган айылдар. Биз деле алардын айылдарын алдык.
Алардын эли деле өз бийлигин сындап жатканын көрүп турабыз. Эки мамлекеттин ортосунда чек ара чечилип жатканда бир айылдын кызыкчылыгы болбош керек.
Дагы бир сөзүнө көңүл бурдум. “Настоящий договор бессрочно, денонсации не подлежит деп туура эмес кылышкан” дейт. Бул кишинин ою боюнча ар жыл сайын кайрадан жер талашып, согушуп, атышып турушубуз керекпи? Чек ара түбөлүккө чечилди. Бүттү, эки тараптын кызыкчылыгы теңме-тең болуп чекит коюлду.
Чек ара боюнча дагы айта турган көп сөздөр бар. Азырынча айтууга болбойт. Баары бүтсүн, анан айтабыз. Ошондо биздин ишибизге тарых баа берет. 5 деген баа берилерине бөркүмдөй ишенем,- деди мамлекет башчы.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим боюнча көз карашын билдирип, чек ара келишими боюнча Достук айылын Кыргызстанга калтырыш керектигин билдирди.
Кыргыз-тажик чек ара келишими боюнча пикирин билдиргенден кийин «Ыйман нуру» фракциясы Султанбай Айжигитовду фракция мүчөлүгүнөн чыгарып койду.
27-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында алты комитетинин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркация боюнча бир нече документ кабыл алынды.
Бүгүн, 6-мартта, парламентте кыргыз-тажик чек ара келишимин ратификациялоо каралары күтүлүүдө.
Сүрөт: president.kg